Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

COVID-19 жыт билүү органымды бузду, силерде кандай?

28.12.2020 14:59
683
COVID-19 жыт билүү органымды бузду, силерде кандай?


COVID-19 илдети жаман экен. Жайында пандемия күч алганда мен да бул ооруну жуктуруп алдым. Үй-бүлөбүз менен оорудук. Балдарымдын бир аз табы көтөрүлгөнү болбосо кыйналбады. Жубайым сулап жатып калды. Өпкөсү кагынган экен күчтүү дарыларды колдонуп жүрүп сакайды. 


Мен өзүм 10 күндөй такыр жыт билбей калдым. Бирок, башка белгилери да байкалган жок. 10 күндөн кийин жытты кадимкидей ажырата баштагам. Бирок, октябрдан тарта кээ бир нерселердин жыты башкача боло баштады. Мисалы, акыркы айларда пияз кадимки эле күйүүчү май сыяктуу жагымсыз жыт берип жатат. Алгач мындай абалга туш болгонумда “ирип кетсе керек” деп башка пияз сатып келип да жаттып көрдүм. Болбоду. Азыр да пияз кошулуп жасалган тамактарда жыт башкача. Жакында интернет булактарынан мен сыяктуу абалга туш болгон чет элдик чыгып жатканын окуп калдым. Буга медиктер кандай баа берет? Силер да ушундай абалга туш болгон жоксуңарбы?


 Мидин Кошоев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн