"Неман-Фарм" фармацевтикалык компаниясы мамлекеттик органдардын жардамы менен COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн "Гепарин" дармегинин партиясын алып келди.
Республикалык штабдан кабарлашкандай, "Гепарин" алгач "Неман"
дарыканасынын Бишкектеги кампасына бүгүнкү түнү алынып келинген. Бүгүн дармек
бардык филиалдарына жеткирилди.
Өз кызыкчылыгы үчүн пайда көрүүнү каалаган
алып-сатууларды алдын алуу үчүн дары 443 сомдон бир адамга бир эле упаковка
менен сатылууда.
Фа
рмкомпаниянын
айтуусунда, керектүү дары-дармектерге дефицитти болтурбоо үчүн бардык күчтөр
жумшалууда. “Эгерде дары-дармектердин баасын ашырып саткан учурлар
болсо 1955 кыска номуру менен Финансы полициясына билдирүүңүздү суранабыз”, -
деп кошумчаланат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн