Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Вице-мэр стационарларды текшерди

23.09.2020 11:51
1040
COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Вице-мэр стационарларды текшерди


Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарларды текшерип, ал жактарда канча орун даярдалганы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 23-сентябрда билдирди. 


Маалыматка караганда,  Мозгачева Арча-Бешик конушунда жайгашкан "Газпром" спорт комплексин, Чокморов көчөсүндөгү №8 бала бакчасын жана Профессор Зима көчөсүндөгү №81 мектептин базасындагы стационарга барды. 


"Газпром" спорт комплексинде 64 орун даярдалып, 13 кычкылтек концентратору коюлган. №81 мектептин базасында 40 орун даярдалган. Ал жакта сегиз кычкылтек концентратору бар. Ошондой эле №8 бала бакча 30 орунга ылайыкташып, беш кычкылтек концентратору берилген.


"Бардык стационарларда медикаменттер менен жеке коргонуу каражаттарынын запасы камдалды. Буга чейин күндүзгү стационарлар жабылып жатканда жабдыктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды кылдаттык менен сактап койгонбуз. Ал эми медиктердин командасы министрликтин алгоритми боюнча коронавирусту дарылоого даяр", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн