Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

COVID-19дун экинчи толкунуна кандай даярдыктар жүрүүдө? Министрдин жообу

15.09.2020 12:20
927
COVID-19дун экинчи толкунуна кандай даярдыктар жүрүүдө? Министрдин жообу


Кыргызстанда коронавирустун божомолдонгон  экинчи толкунуна карата иштер жүргүзүлүүдө.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиясын өз убагында аныктоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын вирусологиялык лабораторияларына  реактив жана тест-системаларын сатып алуу үчүн заявкалар даярдалды. 


"Коомдук саламаттык сактоонун 1500  адисинин очоктордо 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуу каражаттарынын,  дезинфекциялык каражаттардын, антисептиктер эсептелип чыгып, бюджет түзүлгөн жана сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.  Сасык тумоону жана  Covid-19 ПЦР- изилдөө менен диганостикалоо үчүн 15 бактериолог дарыгери окуудан өттү", - деди министр.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн