Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19дун кайрадан жайылышын алдын алуу үчүн онлайн окутуулар өткөрүлүүдө

27.08.2020 09:46
855
COVID-19дун кайрадан жайылышын алдын алуу үчүн онлайн окутуулар өткөрүлүүдө


Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү жарандык коргонуунун деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында онлайн семинарлар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, калк арасында жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан онлайн окутууларга республикалык, облустук жана райондук социалдык коргоо кызматынын жетекчилери жана  жарандык коргонуу штабынын жетекчилери катышууда. 


Окутуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери тарабынан онлайн байланыш аркылуу ишке ашырылып, катышуучуларга COVID-19 инфекциясын алдын алуу, иммунитетти көтөрүү ыкмалары жана коронавирустук инфекцияга кабылганда абалдын оорлошуп кетүүсүнө алып келүүчү факторлордун бири болгон жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча презентациялар көрсөтүлдү.


Иш-чаранын катышуучулары РДЧжМК борборунун адистерине аткарып жаткан жигердүү иш-аракеттери үчүн ыраазычылыктарын билдирип, COVID-19 илдетинин кесепеттери жана оорудан кийин ден соолукту калыбына келтирүү, эмдөө жана окуу жылынын башталышына карата санитардык талаптар тууралуу  кызыктырган суроолорун узатышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн