Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

COVID-19дун жаңы учурларынын 59у кайдан жуктурганы белгисиз

19.06.2020 10:33
925
COVID-19дун жаңы учурларынын 59у кайдан жуктурганы белгисиз

 

Коронавирус инфекциясынын жаңы катталган 132 учурунун 59у кайдан жуктурганы белгисиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-июндагы брифингде билдирди.

 

"Коронавирус инфекциясынын жаңы катталган 132 учурунун 66сы байланышта болгондор. Сырттан келгендерден 7 учур катталып, алардын ичинде чет жактан келген жарандар менен жүк ташыган айдоочулар бар. Ал эми 59 учурда инфекцияны кайдан жуктурганын жана кандай шартта ооруга чалдыкканын билбейт. Алар эл көп жүргөн жайларда жана коомдук транспортто болгонун айтып жатышат”, - деди Үсөнбаев.


Ошондой эле элди коомдук жайларда жүргөндө сак болууга жана санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн