Америкалык “Pfizer” фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу аталган компания маалымдаган.
Компаниянын маалыматына ылайык, вакцинанын натыйжалуулугу 95%ды түзгөн. Бул вакцинаны каттодон өткөрүү амалдары жүрүп жатат.
Өткөн аптада америкалык компания сыноонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда коронавирустан коргоочу вакцинанын натыйжалуулугун 90 пайыз деп белгилеген. Аны улай америкалык дагы бир “Moderna” биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5% натыйжалуу экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн