Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:20
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

COVID-19: Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда

COVID-19: Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда


Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.

Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:

- Биринчи май району: Патриса Лумумба атындагы көчөсү, 10 дарегиндеги №83 мектеп;

- Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;

- Свердлов району: "Дордой" конушундагы №94 мектеп;

- Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.

Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн