Баш оона 15, 2025
Убакыт: 21:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Centrum Air компаниясы Ташкент - Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

24.06.2025 16:46
125
Centrum Air компаниясы Ташкент - Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды


Бүгүн Centrum Air компаниясы Ташкенттен Бишкекке биринчи каттамын ишке ашырды. 


"Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришкендей, компаниянын учагы "Манас" эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. 


Эми бул каттам үзгүлтүксүз, жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү каттайт.


"Муну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жеткиликтүү болуп, саякаттоого да ыңгайлуу болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн