Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

“Chevrolet Captiva”. Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге 5 кызматтык унааларды тапшырды

25.02.2023 11:17
211
“Chevrolet Captiva”. Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге 5 кызматтык унааларды тапшырды


Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды. 


Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди. 


“Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!”, - деди Акылбек Жапаров. 


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган. 


Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди. 


“Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен кызматтык унааларды жаңылап жатабыз. Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу”- деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн