Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

COVID-19 менен ооруган кош бойлуу келин жана 85 жаштагы аял айыкты

26.04.2020 15:54
2907
COVID-19 менен ооруган кош бойлуу келин жана 85 жаштагы аял айыкты


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда COVID-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон. 


Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмесЖаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.


Мындан тышкары Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери коронавирус илдети тастыкталган 85 жаштагы бейтапты айыктырышты. Анын оорусу жеңил түрдө өткөн.


Ал аял 2020-жылдын мартында кичи хаджадан келгендердин арасында болгон. Сапарда аны коштоп жүргөн келининен вирус табылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн