Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясы бүгүн, 9-апрелде Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович КСДП партиясынан Жогорку
Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тизмесинен чыгаруу тууралуу чечим
кабыл алды.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Дүйшөн Ирсалиевден Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тизмесинен алып таштоо тууралуу келип түшкөн арызы боюнча, “КР президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен “КР шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн