Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ДКО-2024: Кыргызстандын көкпар курамасы финалда Казакстанга жеңилип калды

12.09.2024 15:58
295
ДКО-2024: Кыргызстандын көкпар курамасы финалда Казакстанга жеңилип калды


Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча финалдык беттештер аяктады.

Финалда Кыргызстан менен Казакстан курама командалары кез келип, 5:4 эсебинде казактар жеңишти илип кетти.

Негизги убакыт 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта Казакстан командасы биринчи болуп упай алууга жетишти.

Жыйынтыгында көкпар оюну боюнча Казакстан 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду, Россия 3-орунду ээледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн