Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-жылы коронавирус пандемиясы аяктай турганын билдирди. Бул тууралуу уюмдун өкүлү чет элдик журналисттерге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту токтотуу үчүн азыр бардык шарттар бар.
"Биз 2022-жылы коронавирус пандемиясы аяктарын божомолдоп жатабыз. Анткени азыркы учурда вакцина өндүрүлүп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонулуп жатат.
Бул болсо жаңы штаммдардын келип чыгышын жана ооруну жуктургандардын санын кыскартууга жардам болот. 2022-жыл вакцинациялоо ушул темп менен кетсе, ооруну жеңебиз",- ДССУнун өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн