Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

ДССУ: Дени сак адамдарга беткаптын кереги жок, коргонууга кепилдик болуп бере албайт

03.04.2020 09:06
979
ДССУ: Дени сак адамдарга беткаптын кереги жок, коргонууга кепилдик болуп бере албайт


Дени сак адамдарга беткап тагуунун кажети жок, ал COVID-19 дартынан коргоого кепилдик болуп бере албайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Тарик Язаревич айткан.


“Биздин көз карашыбыз өзгөргөн жок. Дени сак адамдарга беткапты тагуунун кажети жок. Ал эми кимде симптом болсо, башкаларга жугузбоо үчүн беткапты тагуулары керек. Ошондой эле, үйүндө оорулу адамдарды  карап жаткандар, дарт жуктуруп албоо үчүн бет кап кийсе болот деген”, - Язаревич.


ДССУнун өкүлү беткапты жөн эле тагуу коргонууга кепилдик бербесин айткан.


“Беткаптар атайын жагдайларда гана колдонулуусу керек. Такай беткап тагынып жүрүү "колду жуу" деген сыяктуу жөнөкөй эрежелерди унуттуруп коёт. Ошондой эле, эгерде  беткапты такканды билбесе, бетине колу демейдегиден көп тийет”, - деген ДССУнун өкүлү.


Ал дүйнөдөгү баардык дарыгерлер жана медицина кызматкерлери эң биринчи коргоочу каражаттардын баардык түрү менен камсыз болушу керектигин айткан. Анын ичине беткап, коргоочу көз айнектер жана кол каптар кирет.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн