Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 01:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

ДССУ: Дүйнөнү коронавирустан да коркунучтуу вирус капташы мүмкүн

25.05.2021 09:14
1366
ДССУ: Дүйнөнү коронавирустан да коркунучтуу вирус капташы мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму директору Тедрос Адхан Гебрейсус дүйнө дагы бир коркунучтуу вируска кабыла турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-майда Женева шаарында өткөн брифингде билдиргендигин чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.


Анын айтымында, дүйнөнү каптай турган вирус коронавирустан бир канча эсе жугуштуу жана кооптуу. Анын кесепетинен өлүмдүн саны жогорулашы толук ыктымал.


"Учурда бүткүл дүйнө эли коронавирус илдети менен күрөшүп, кадимки жашоо образына келүү оор болуп турган чагы. Бул илдеттин айынан канчалаган кейиштүү окуялар катталды. Пандемияны жеңүүнүн бирден бир жолу коронавируска каршы вакцина алуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо. Бирок бул талаптарды баары бирдей аткарбай эле. Эгер ушул темп менен кете турган болсок, анда күтүлүп жаткан вирустун адам өмүрү үчүн кооптуулугу дагы өсөт", - деп кайрылды ДССУнун директору.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн