Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 01:00
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

ДССУ: Коронавирустун жаңы түрү олуттуу ооруга же өлүмгө себеп болгон учур катталган жок

22.12.2020 09:27
665
ДССУ: Коронавирустун жаңы түрү  олуттуу ооруга же өлүмгө себеп болгон учур катталган жок

Коронавирустун жаңы түрү олуттуу ооруга же өлүмгө алып келиши мүмкүн деген бир дагы далил жок. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан видео брифинг учурунда билдирди.


"Улуу Британия бул жаңы вариантты өткөрүү оңой деп эсептеген менен  анын олуттуу ооруга же өлүмгө алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө азырынча эч кандай далил жок", - деди ДССУнун башчысы.


Адхан бардык SARS-CoV-2 вирустарын тезирээк токтотуу керек деп баса белгиледи. "Биз анын жайылышына канчалык көп мүмкүнчүлүк берсек, ошончолук абалды өзгөртүү кыйын болот", - деп эскертти ал.    


Өз кезегинде, уюмдун эксперти Мария ван Керхове, ДССУнун маалыматы боюнча, Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү COVID-19 вакцинасынын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт деп билдирди.


Эске салсак, Пандемия 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Хубей провинциясындагы Ухань шаарында келип чыккан белгисиз пневмония илдетинин биринчи ачылышы менен башталды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн