Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

ДССУ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 оорусунун кескин көбөйгөнүн билдирди

ДССУ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 оорусунун кескин көбөйгөнүн билдирди


ДССУнун жумалык эпидемиологиялык корутундусуна ылайык, 10-июлдан 6-августка чейин катталган COVID-19 учурларынын саны мурунку 28 күнгө салыштырмалуу 80% өскөн, ал эми каза болгондордун саны 57% азайган.


«Дүйнө жүзү боюнча акыркы 28 күндүн ичинде (2023-жылдын 10-июлунан 6-августуна чейин) COVID-19нын 1,5 миллионго жакын жаңы учуру жана 2,500дөн ашуун өлүм катталды, бул мурунку 28 күндөгү көрсөткүчкө салыштырмалуу 80%га өскөн жана 57% азайган», - деп айтылат документте.


Уюмдун түшүндүрмөсүнө караганда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун беш чөлкөмүндө оорулардын жана өлүмдөрдүн саны азайганы менен, Тынч океандын батыш бөлүгү оорулардын көбөйгөнүн жана өлүмдүн азайгандыгын билдирди. Өлкөлөрдүн жана аймактардын 44%ы гана (234түн 103ү) бул мезгилде ооруну катталгандыгы тууралуу маалымат берген.


2023-жылдын 6-августуна карата дүйнө жүзү боюнча 769 миллиондон ашык тастыкталган учур катталса, 6,9 миллиондон ашуун адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн