Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ДССУ коронавирустун жаңы "дельта" түрү дүйнөнү мүшкүлгө саларына кооптонууда

ДССУ коронавирустун жаңы "дельта" түрү дүйнөнү мүшкүлгө саларына кооптонууда


Коронавирустун "дельта" варианты дүйнөнүн баш ооруткан штаммы болушу мүмкүн, ал мурдагы SARS-CoV-2ге караганда эки эсе жугуштуу. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий  кызматкери Сумия Сваминатанга таянып жазды.


Анын айтымында, алгач "дельта" штаммы Индияда катталган. Бирок азыр ал 85тен ашык өлкөгө кулачын жайды.


"Аталган штаммдын башкы кесепети — жок эле дегенде баштапкы штаммга салыштырмалуу эки эсе жугуштуу", — деген Сваминатан.


Окумуштуу "дельта" штаммын алып жүргөн бейтап эки, төрт, алты, ал тургай сегиз кишиге илдет жуктурушу ыктымал экенин белгилеген. Анын айтымында, ошол себептен коронавирусту бир үй-бүлө толугу менен жуктуруп алган учурлар көп катталып жатат.

"Көңүл жылыткан жаңылык — вакциналардын көбүнүн натыйжалуу болуп жатканы. Эмделген киши дартты жеңилирээк көтөрөт", — деген ДССУ өкүлү.

Адис эмделгенге карабай коронавирустун бардык штаммы менен күрөшүү үчүн эл бет кап тагынып, аралыкты сакташы керектигин эскерткен.

ДССУнун маалыматына караганда, коронавирустун "индиялык" штаммы же болбосо "дельта" деп аталган түрү 2020-жылдын 5-октябрында Индиянын Нагпур шаарында биринчи ирет аныкталган.

Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн