Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ДССУ медицина кызматкерлеринин системасында кризис башталганын айтты

22.08.2023 10:43
181
ДССУ медицина кызматкерлеринин системасында кризис башталганын айтты


Медицина кызматкерлери COVID-19 пандемиясынын маалында өз мүмкүнчүлүктөрүнөн аша иштеп, азыр бул система дүйнө жүзү боюнча кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Financial Times басылмасына маек курган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Жереми Фаррар айтканын РИА Новости жазды.


"Жумушчу күчү өз мүмкүнчүлүгүнөн аша чаап иштесе, акыры кыйроого кептелет. Бүгүнкү күндө глобалдык медициналык персонал ушул абалга жакындап калды", — деген Фаррар.


Адис Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматын мисал келтирген. Анын айтымында, өлкөдө операциядагы кемчиликтер пандемиядагы кризистен улам "жумушчу күчүнүн кадыресе нормадан ашык иштөөгө умтулуусу" менен жаап-жашырылган.


Эскерте кетсек, буга чейин Sky News телеканалы медиктердин тартыштыгынан кыйналып жаткан Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы дарыланууга кезек күтүп жаткандардын рекорддук санын (7,6 миллион киши) каттаганын айтып чыккан. Аталган өлкө дарыгерлердин жетишсиздигинен жабыркаганына көп убакыт болду. Жумуш өтө көп болгондуктан баанын өсүшүнөн, квалификацияны жогорулатууга мүмкүнчүлүктүн жогунан көп адистер башка тармакка кетүүдө. Кырдаалды медперсоналдын нааразычылык акциялары да татаалдаштырып келет.


2022-жылдын жайында Францияда айлыкты көтөрүү жана персоналды көбөйтүү талабы менен медицина кызматкерлери митингге чыгышкан. Алар бийликтин саламаттык сактоо тармагында жүргүзгөн саясатына да нааразы эле. Буга чейин профсоюздар билдиргендей, Францияда саламаттык сактоо тармагы оор күндөргө туш болуп, медицина кызматкерлери канча жылдан бери мамлекеттик ооруканалар менен медициналык-социалдык мекемелерге көңүл бурууну талап кылып келишет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн