Россиянын Кыргызстандагы элчиси жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга баасы 42 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ДССУнун өлкөбүздөгү өкүлчүлүгү маалымдады.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулуучу медициналык-санитардык каражаттар жана биринчи жардам көрсөтүү үчүн керектелүүчү каражаттар берилген.
Мындай көлөм үч ай бою 10 миң адамга жардам берет. ДССУнун атайын травма жана тез хирургиялык топтому, өзгөчө кырдаалда хирургиялык жардамга муктаж болгон бир адамга эки жолу эсептегенде 50 бейтаптын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн дары-дармектер менен камсыздай алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн