Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

ДССУнун өкүлү президент жана министр сунуштаган дарылоого каршы пикирин билдирди

16.04.2021 11:59
807
ДССУнун өкүлү президент жана министр сунуштаган дарылоого каршы пикирин билдирди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Назира Артыкова президент Садыр Жапаров жана министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту айыктыруу үчүн сунуштаган дарылоого каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Кактус.медиага" маалымдаган.


Анын айтымында, "Ысык-Көл тамыры" (уулуу коргошун) менен дарыланууга такыр уруксат берилген эмес.


"Аны менен дарылануу мүмкүн эмес. Баары илимий жактан далилдениши керек",- деди Артыкова.


Эске салсак, президент коронавирусту айыктыруу үчүн аталган дарыны колдонууну сунуштаган жана министр да дарыны колдонуп жатканын айткан.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азат
я не сомневался)))))))