Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ДСУ коронавирустун дүйнөлүк жаңы рекорду катталганын маалымдады

29.06.2020 20:41
914
ДСУ коронавирустун дүйнөлүк жаңы рекорду катталганын маалымдады


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемиянын дүйнөлүк жаңы рекорду катталгандыгын маалымдады. Өткөн сутка ичинде коронавирустун жаңы түрү менен планетада 189 миңден ашык адам ооруп калды.



Буга чейинки сутка ичиндеги максималдуу көрсөткүч – 183 миң адам 21-июнда катталган болчу.

 

40 миңден ашык жаңы учур АКШда катталды, дээрлик ушундай эле деңгээл Бразилияда кайталанды.

 

Америкалык Джонс Хопкинс университетинин ачык булактарга негизденген маалыматтары боюнча, пандемия башталгандан бери вирус жуккандарды эсеби дүйнөдө 10 миллиондон ашты, ал эми каза тапкандардын катары жекшемби күнү 500 миңдин чектен өттү.

 

АКШда катталган 2,5 миллионго чукул бейтаптардын саны дүйнөлүк көрсөткүчтүн төрттөн бирин түзүүдө. Өткөн ишемби күнү бул өлкөдө улуттук рекорд жаңыланды – 45 миң адамдан вирус аныкталды.


Ал эми Түштүк Американын эң ири өлкөсү болгон Бразилияда июндун акыркы аптасында вирус жуккан жаңы учурлар 40 миңден ылдыйлабай жатат.

 

Азия чөлкөмүндө Индияда жекшемби күнү 19,4 миң адамдан вирус аныкталгандыгын 29-июнда бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.


Сауд Арабиясында убактылуу ылдыйлоолордон кийин кайрадан вирус катталган учурлар күнүнө 4 миңге жакындоодо. Бул өлкөдө жалпы эсеп 178,5 миңге (дүйнөдө 15-орун) жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн