Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Дастанбек Жумабеков убактылуу чектөөнү түшүнүү менен кабыл алууга чакырды

24.03.2020 16:13
736
Дастанбек Жумабеков убактылуу чектөөнү түшүнүү менен кабыл алууга чакырды


 

Бүгүн, 24-марттагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков кабыл алынган жарлыктын негизинде өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөө менен алардын кошумча милдеттери да киргизилерин белгилеп, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

 

Ошондой эле төрага Жогорку Кеңештин депутаттары 15-мартка чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантарын кошумчалады.   

 

Дүйнө элинин башына түшкөн оор кырдаал бизди да кабатырлантууда. Бул кыйынчылыкты биз ынтымак жеңип чыгарыбызга ишенем. Андыктан, киргизилген өзгөчө абалды эске алып, ар бир жаран өзүн обочо кармоого аракет кылышы зарыл. Баарыбыз муну түшүнүү менен кабыл алышыбыз абзел”, – деди төрага.   

 

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал айласыздан киргизилип жатканын белгилеп, өкмөт экономикалык каатчылык маселесин эске алуу менен атайын чараларды көрүшү керектигин билдирди.

 

Мындан тышкары, депутат Каныбек Иманалиев илдетке байланыштуу келип чыккан каатчылыкка ылайык тышкы карызды төлөөнү убактылуу узартып туруу багытында өкмөт тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн