Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:02
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Д.Жумабеков парламентте отчет берүүгө келген айрым өкмөт мүчөлөрүн жыйындан бошотту

19.03.2020 10:48
778
Д.Жумабеков парламентте отчет берүүгө келген айрым өкмөт мүчөлөрүн жыйындан бошотту


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте коронавирус боюнча отчет берүүгө келген айрым өкмөт мүчөлөрүн жыйындан бошотуп жиберди.


Бүгүн, 19-мартта коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп жатат.


Баяндама берип жаткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден каралып жаткан маселеге тешелүү делген гана жетекчилерди алып калып, калганын жыйындан кетирүүсүн айтып, сунушту депутаттардын алдына койду.


"Азыр өкмөт аткара турган жумуш көп, керектүү гана өкмөт мүчөлөрүн алып калып, калганын жиберели, кабинеттерине барып иштешсин", - деп айтты Дастан Жумабеков


Бул сунуш колдоо таап, айрым кызматкерлер жыйындан чыгып кетишти. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн