Дааратканадан табылган бала учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул тапта Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаткан ымыркайдын абалы канааттандырарлык.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") менен катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн