Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:14
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Дагестандын шаарларына террордук чабуул болду

24.06.2024 11:13
3753
Дагестандын шаарларына террордук чабуул болду


Дагестандын Дербент менен Махачкала шаарларындагы эки православдык чиркөөгө, синагогага жана жол полициясынын постуна куралдуу кол салуулар болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, аймак башчысы Сергей Меликовдун социалдык тармакка жарыяланган маалыматы боюнча, кол салуудан 15тен ашык милиция кызматкери жана бир нече жай тургун набыт болгон.

Республикада антитеррордук операция режими киргизилди. Тергөө комитетинин Дагестан боюнча башкармалыгы "теракт" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Дагестанда 24, 25 жана 26-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн