Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дагы 12 адам Афганистандан эвакуацияланды

23.08.2021 11:34
448
Дагы 12 адам Афганистандан эвакуацияланды

Афганистандагы түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Афганистанда убактылуу турган КР жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчилигинин көмөгү менен 2021-жылдын 23-августунда саат 04:40та «Доха-Дубай-Бишкек» аба каттамы боюнча мурда америкалык тарап уюштурган атайын учак менен Афганистандан Катарга эвакуацияланган Кыргыз Республикасынын 11 жараны алынып келинди.


Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жумуш берүүчүлөр көрсөтүлгөн каттам боюнча авиабилеттерди сатып алышкан.


Кошумчалай кетсек, КРнын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 2021-жылдын 22-августунда Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен дагы бир кыргыз жараны эвакуацияланган.


Афганистандын аймагында калган КР жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө коопсуздукта жана жакынкы аралыкта мекенине эвакуацияланышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн