Борбордук шайлоо комиссиясы № 23 Москва округунан бир мандаттуу талапкер Ахматжан Мамутовду жана № 32 Кочкор шайлоо округунан талапкер Айнагүл Самудинованы шайлоодон четтетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган талапкерлер өз арыздарынын негизинде шайлоодон четтетилди.
Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 302ге түштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн