Бугу 24, 2025
Убакыт: 07:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Дагы бир алтын! Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

11.04.2023 04:14
730
Дагы бир алтын! Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.


Грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмактын финалында Талантбеков казакстандык Диас Кален менен кармашып, аны 3:2 эсебинде жеңип алды.


Кыргыз балбаны буга чейин индиялык спортчуну 7:1, ирандык балбанды 6:0 эсебинде артта калтырган.


Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.


Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн