Теке 08, 2025
Убакыт: 13:18
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Дагы бир кыргыз балбаны Азия чемпионатынын финалына чыкты

10.04.2023 14:39
479
Дагы бир кыргыз балбаны Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Акылбек Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта мелдештин жарым финалында ирандык балбанды 6:0 эсебинде утуп алды. Буга чейин ал индиялык спортчуну 7:1 эсебинде жеңген.

Аталган мелдеште буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн