Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дагы бир медаль! Үзүр Жузупбеков Азия чемпионатында коло медаль жеңип алды

20.04.2022 20:53
724
Дагы бир медаль! Үзүр Жузупбеков Азия чемпионатында коло медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. 

 

Ал бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште түштүк кореялык Жиу Паркты 10:1 эсебинде жеңип алды. Ушуну менен Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү үч алтын, үч коло байгеге ээ болушту. Буга чейин алтын байгелерди Тынар Шаршенбеков (63 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг.) алса, Роман Ким (130 кг.) жана Адилхан Нурланбековго (72 кг.) коло байге буюрду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн