Финляндияда маймыл чечеги инфекциясынын алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Буга чейин Европанын 10дон ашык өлкөсүндө, Канада, АКШ, Австралия жана Бириккен Араб Эмиратында маймыл чечеги инфекциясы катталганы белгилүү болгон.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин тарашына тынчсыздануусун билдирип, оорулуу адам менен байланышта болгон жарандарды 21 күндүк карантинге алууну сунуштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн