Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дагы эки казак-кыргыз өткөрмө бекети жабылды

07.01.2022 12:26
856
Дагы эки казак-кыргыз өткөрмө бекети жабылды


Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы дагы 2 көзөмөл пункту жабылды. Бул маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бүгүн, 7-январдагы кезексиз жыйынында айтты.


Маалыматка ылайык, «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылган.


К.Ташиевдин айтымында, жабылган көзөмөл пункттарынан жарандар жана автоунаалар, жүк ташуучу унаалар да өткөрүлбөйт.


«Азыр мага маалымат келди. "Ак-Жол" менен "Ак-Тилекти" жабышты (кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары). 100% жабышты. Эртең барып туруп Айдарбеков (Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков) жооп берсин, элге. Эртең ундун 1 кабы 10 миңге чыгып кеткенде, 1 литр бензин 100 сомго чыгып кеткенде… Бул жерде мамлекетти да ойлошубуз керек да….


Азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине ким, Кадырбеков (Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков) ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин тынчтыгын ким сактайт?»,- деди К.Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн