Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дагы эки саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

27.08.2020 16:13
1027
Дагы эки саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты


Дагы эки партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.


Маалыматка караганда, “Нур” жана “Тартип-Порядок” саясый партиялары шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен. 


Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен аны эске алуу чечимин кабыл алды. 


“Тартип-Порядок” жана "Нур" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталуу күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн