Генерал Курсан Асанов жана мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз таштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Курсан Асанов азырынча үй камагында, кылмышка шектүү катары иштери иликтенүүдө.
Ал эми Турсунбай Бакир уулу буга чейинки президенттик шайлоолордо өз талапкерлигин көрсөтүп келген.
Белгилүү болгондой, президенттик шайлоого катышуу арызын берген талапкерлердин саны 30дан ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн