28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин дагы төрт партия билдирди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына "Ишеним", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Жаратман эл" жана "Альянс" партиясы билдирме берди.
Буга чейин "Социал-демократ", "Улуттар биримдиги" жана "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы" партиялары катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн