Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Дагы үч саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

24.08.2020 13:37
1166
Дагы үч саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты


Ушул жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга үч саясий партия билдирди. 


БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Таза коом”, “Бүткүл жаштар партиясы”,  “Адам-Демократ” партиялары шайлоого катышпай тургандыгын маалымдаган. 


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 24-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиялардын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды. 


Жогорудагы үч саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн