Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дамира Ниязалиева БШКнын чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат

09.06.2023 10:56
1556
Дамира Ниязалиева БШКнын чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат


Дамира Ниязалиева БШКнын каттоону жокко чыгаруу чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.


9-июнда ишти административдик сот карайт.


28-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Автоматташтырылган башкаруу системасынын жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 35,86% добуш менен Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.


5-июнда БШК жыйын өткөрүп, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту.


ШИИБ тарабынан Ниязалиеванын добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн арыз жөнөтүлгөнүн билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматынын негизинде БШК талапкер Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн