Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Дан эгиндеринин жазгы үрөнүн топтоо 96 пайызга аткарылды

18.11.2022 10:48
334
Дан эгиндеринин жазгы үрөнүн топтоо 96 пайызга аткарылды

Кыргызстанда жазгы айдап себүүгө үрөн чарбалары жана чарба субъекттеринин керектөөсү 66,1 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу  Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов билдирди.


Анын айтымында, учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 64 миң тонна же 96 пайызга топтолгон.


“Анын ичинен жаздык буудайдын үрөнү 23 миң тонна, арпаныкы 40,6 миң тоннаны түздү. Мындан сырткары, республика боюнча 100 пайыз гречка, тамеки, сулу, буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздалды. Эспарцеттин уруктары менен камсыз болуу 65,9 пайыз, беде 74,3 пайыз, пахта 87,1 пайыз, картошка 96,7 пайыз, жүгөрү 81,4 пайыз, сафлор 93,1 пайыз, күн карама 96,3 пайыз жана кант кызылчасы 40,7 пайызды түздү”, - дейт ал.


Мамбетов республиканын үрөн чарбаларында 263 тонна үрөн (183 тонна буудай, 80 тонна арпа, 40 тонна пахта) топтолгонун кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн