Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Даниил Урицкийдин (Данияр Үсөнов) корпорациясы Белоруссиядан акча чыгарып кетүүгө шектелүүдө

02.11.2021 12:25
731
Даниил Урицкийдин (Данияр Үсөнов) корпорациясы Белоруссиядан акча чыгарып кетүүгө шектелүүдө


Даниил Уриций жетектеген Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы бюджеттен каражат чыгарып кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу оппозициялык  "The Бульба" Telegram-каналы жазып чыкты.


Маалыматта корпорация Беларус менен Кытайдын биргелешкен чоң долбоору экени, долбоордун баасы 733 миллион доллар турары, бирок долбоор 5 жылдан бери толук кубаттуулукта ишке кирбей, заводдордун көбү курула электиги айтылат. Ошол эле учурда ишкана мамлекет тарабынан жеңилдиктерди алууну улантууда.


"The Бульба" 2019-жылы ишкананын шмердүүлүгүн изилдеп, корпорация түзүлгөн жана иштеп жаткан схема бюджеттик акчаны жеке бизнеске чыгарууга абдан окшош деген тыянакка келген. Тергөөнүн негизинде Беларусия корпорациянын акцияларынын 25% гана ээлик кылып, калганы жети чет элдик компанияга бөлүнгөнү аныкталган. Алардын арасында эки шотландиялык компания бар, алардын негизги кожоюну мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Беларустан саясий башпаанек алган жээни Асылбек Салиев.


Авторлор корпорациянын өзүн Даниил Урицкий башкарып жатканын, ал Кыргызстандын качкын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов экендиги айтылат. Урицкий Беларуста президенттин камкордугу астында турганын эске салышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн