Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Даниянын ханышасы Маргрете II тактыдан баш тартып, анын уулу Фредерик X жаңы падыша болду

15.01.2024 10:57
1364
Даниянын ханышасы Маргрете II тактыдан баш тартып, анын уулу Фредерик X жаңы падыша болду


Фредерик Х 52 жыл башкарган энеси королева Маргрете II тактыдан баш тарткандан кийин Даниянын падышасы болду. Бул тууралуу Даниянын DR телеканалы билдирди.


14-январда королдук Кристиансборг сепилинде министрлердин жыйынында 83 жаштагы ханыша Маргерете II тактыдан баш тартты. Ошентип, анын 55 жаштагы уулу Фредерик Х Даниянын падышасы болду. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жаңы башкаруучуну сепилдин балконунда жарыялады.


Телеканал падышалыктагы башкаруучуну алмаштыруу үчүн бир кол коюу жетиштүү экенин белгилейт. Тактан баш тартуу жөнүндө документке кол койгондон кийин, Маргарет II жаңы падышага төрагалык кызматын өткөрүп, Мамлекеттик кеңештин мүчөлүгүнөн кетти. Өз кезегинде кеңешке мураскор ханзаада Кристиан кошулган.


Даниянын ханышасы жаңы жылдык кайрылуусунда тактыдан баш тартуу ниетин билдирген. Маргрет II'нин айтымында, 2023-жылы анын белине операция жасалганы такты уулуна өткөрүп берүү жөнүндө ойлонууга түрткү болгон. Маргарет II 1972-жылы 14-январда таажы кийип, тактыда 52 жыл отурган. Даниянын тарыхында анын башкаруусу эң узак болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн