Бугу 22, 2025
Убакыт: 12:58
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.090
1.120

Данияр Амангелдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын жыйындарына катышты

22.05.2025 09:53
20
Данияр Амангелдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын жыйындарына катышты


Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Алжирде өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун башкаруучулар кеңешинин жана директорлор кеңешинин пленардык жыйынына катышты. 


ИӨБдүн 2025-жылдагы жылдык жыйыны "Экономиканы диверсификациялоо, жашоону байытуу" деген аталышта өттү.


Адатта ИӨБ жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир эле маалда өткөн иш-чаралардын бай программасын камтыйт. 


Быйылкы иш-чарага ИӨБ мүчө мамлекеттерин кошкондо 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн