Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту

22.01.2025 14:45
25
Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Жолугушууда тараптар министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Антье Гравенин өткөн аптада болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, аларды ишке ашыруунун болжолдуу убактыларын белгилешти.

Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына Кыргызстандын ийгиликтүү катышуусу жана Бразилияда өтө турган Тараптардын 30-конференциясына даярдыктар талкууланды.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жогорку деңгээлде аткарылып жаткандыгын ырастап, 2030-жылга чейин өлкө ТӨМдү ишке ашыруу боюнча алдыңкы отуз өлкөнүн катарына кирүү боюнча амбициялуу максатын белгиледи.

Ал ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана бул багыттагы демилгелерге, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы “Тоолуу беш жылдыктын” беш жылдык жол картасын жана “жашыл” долбоорлорду, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча максаттарга жетишүүнү ишке ашырууга көмөктөшүү маселелерине токтолду.

Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы үзгүлтүксүз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн