Данияр Нарымбаев Кумтөр боюнча маселе каралган жыйында видеого түшүп калганы үчүн кармалганбы? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевге айтты.
Депутаттын айтымында, Нарымбаев эмне үчүн кармалды десе, Кумтөр боюнча маселе каралган жыйында видеого түшүп калганын айтыптыр.
"Нарымбаев болобу, Бабанов болобу азыр алар кылмышка шектүү катары кармалууда. Алардын тергөө иштерине биз кийлигише албайбыз.
Тергөө алардын күнөөсүн аныктай албаса бошотулуп, иши кыскартылат",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн