Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дары-дармек жана медициналык буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшү көзөмөлдөнөт

30.06.2020 08:38
1920
Дары-дармек жана медициналык буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшү көзөмөлдөнөт


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата баанын өсүшү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Алмазбек Баатырбековдун айтымында, эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу COVID-19 дарылоого пайдаланылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына чектелген кошумча бааны орнотуу аркылуу бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүндүгү каралууда.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Республикалык ыкчам штабга дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшүн мониторнгдөө жана ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн