Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дары-дармектерди Кыргызстандан экспорттоого тыюу салынды

26.01.2022 09:58
748
Дары-дармектерди Кыргызстандан экспорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинети өлкөдөн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди


Кыргыз Республикасынын Министрлер табинети калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салууну киргизди.


Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы тийиш.


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.


Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн