Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дары-дармектерди сатып алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш, - Боронов

25.07.2020 13:13
1066
Дары-дармектерди сатып алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш, - Боронов


Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирген.

 

Ооруканаларды жана поликлиникаларды тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздоо иши туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди ташып келүүсүнө шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү күчөтүү керек. Ошол эле учурда дары-дармек каражаттарынын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баасын негизсиз жогорулатпоо үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүү шарт, - деген өкмөт башчы.


Премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларында жаңы салына турган медициналык мекемелер жана аймактарда оңдолуп башталган имараттар жарандарга толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүүчү мекеме болушу шарт экенин белгилеген.


Курулуш жана оңдоп-түздөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Муну менен катар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана аларды сатып алуу иши азыртадан жүргүзүлсүн, - деди Кубатбек Боронов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн