Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дары-дармектердин баасын негизгиз жогорулатуу боюнча 27 иш каралууда

16.07.2020 17:26
1091
Дары-дармектердин баасын негизгиз жогорулатуу боюнча 27 иш каралууда


Дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткандарга сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Бул тууралу Республикалык штабдын жыйынында маалым болгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, дары-дармектин баасын негизгиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул багыттагы 27 иш каралып жатат.


Премьер-министри Кубатбек Боронов республикадагы бардык дарыкана пункттарындагы бааларды текшерүү үчүн Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында рейд жүргүзө турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгилеген.


Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат дары-дармектердин баасын жана жасалма түрдө алардын таңкыстгын түзүүгө байланыштуу фактылар боюнча бир топ текшерүү иштерин жүргүздү. Ага ылайык, айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан, дарыкана пункттары кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар аныкталды. Ал тургай кампаларды тинтүүдө жарандардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.  Мындай фактылар өлкөдө, өзгөчө Бишкек шаарында медициналык каржаттарынын дефицитине алып келүүдө. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар бул багыттагы жумуштарды күчөткүлө", - деген Өкмөт башчы.


Премьер-министр белгилегендей, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн дарылоонун сапатын жакшыртуу боюнча иштерди дагы бир ирет карап чыгуу керек.


COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын жана өпкөсү сезген жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн эксперттер жана жогорку квалификациялуу адистер менен консультативдик иштерди жүргүзүүнү күчөтүү шарт. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча дары-дармектер менен медициналык жабдууларды алып келүү иштерин уюштурууну күчөтүүгө тийиш, - деп кошумчалаган Кубатбек Боронов.


Жыйындын соңунда премьер-министр илдеттин жугушун алдын алуунун бирден бир жолу – бул санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо экенин эскертип, жарандарды Республикалык штабдын сунуштарын так аткарууга чакырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн