Министрлер кабинети Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө (эрежелер) токтом кабыл алды.
Бул токтом – ишке тартылган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жана дарыкана мекемелеринин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин жана штаттык санынын чегинде, ошондой эле ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын, жеке менчик формасындагы фармацевтикалык уюмдардын жана мамлекеттик ишканалардын жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Кабыл алынган эрежелерде фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ар түрдүү топторун сактоону уюштурууга карата коопсуздук талаптары белгиленет.
Эрежелердин талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык фармацевтикалык уюмдарга (даяр дары формаларындагы дарыканалар, дарыкана пункттары жана киосктор, дары каражаттарын даярдоого укугу бар дарыканалар, кампалар) колдонулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн